▶
Заманбап технологиялар Кадамжайдагы аял фермерлердин жашоосун өзгөртүүдө
Кадамжай районунда аялдар помидор өстүрүп, үй-бүлөлөрүн таза азык менен камсыздап, туруктуу киреше алышууда. Глобалдык айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу программасы (GAFSP) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен фермерлер заманбап технологиялар менен камсыз болушту.
Жаңы технологиялар фермерлерге, өзгөчө аялдарга, түшүмдүүлүктү жогорулатууга, кирешени көбөйтүүгө жана туруктуу жамааттарды өнүктүрүүгө жардам берүүдө.
