▶
“Пайдалуу тамактануу” жумалыгынын жыйынтыгына арналган фестиваль
Чүй жана Жалал-Абад облустарынын мектептеринде “Пайдалуу тамактануу” жумалыгынын жыйынтыгына арналган фестиваль өттү. Иш-чара Агартуу министрлиги, БУУ ДАТП жана Тармактык тамактануу институту (SIFI) тарабынан уюштурулду.
Иш-чара балдарга мектептеги ысык тамактын баалуулугун жана күн сайын ашкананын коопсуз, таза иштеши үчүн эмгектенген ашпозчуларга урмат менен мамиле кылууну көрсөттү.
