Райхан Ташполотова жана анын уулу Нурмухаммед Бурхановдун ийгилик баяны

Райхан Ташполотова жана анын уулу Нурмухаммед Бурхановдун ийгилик баяны

Райхан Ташполотова жана анын уулу Нурмухаммед Бурхановдун ийгилик жолу – бул эмгек, тажрыйба жана мекенге кайтып келгенден кийинки жаңы башталыш! Баткен шаарында алар «Магнат» аттуу наабайкананы ачып, бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундарды даамдуу жана сапаттуу нан азыктары менен камсыз кылып келишет. Узак жылдар бою чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрүп, наабайканаларда иштеп чоң тажрыйба топтошкон. Ошол эле учурда өз бизнесин ачуу кыялы пайда болуп, Кыргызстанга кайтып келгенден кийин аны ишке ашырышты. Топтолгон билим жана практикалык көндүмдөр алардын ийгилигинин негизги себеби болду. Кыска убакытта «Магнат» наабайканасы элдин ишенимине ээ болуп, күн сайын жаңы бышкан азыктары менен кардарларын кубантып келет. Бүгүнкү күндө бул үй-бүлөлүк бизнес 12 адамды жумуш менен камсыз кылууда. Бул окуя – чет өлкөдө алган тажрыйбаны мекенде колдонуп, ийгиликтүү бизнес түзүүгө болорун далилдейт!