Кудайберди Дуйшоев жана Жасмина Сайдиманованын ийгилик жолу

Кудайберди Дуйшоев жана Жасмина Сайдиманованын ийгилик жолу

Кудайберди Дуйшоев жана Жасмина Сайдиманованын ийгилик жолу – демилге, үй-бүлөлүк колдоо жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн айкалышы! Баткен шаарында жаш ишкерлер «Барс» аттуу кофеканасын ачып, жергиликтүү коомчулук үчүн заманбап жана жагымдуу мейкиндик түзүштү. Кудайберди буга чейин эки жолу Улуу Британияда сезондук жумушта иштеп, тажрыйба топтогон. Экинчи жолу ошол жакта жүргөндө ал 1+1 биргелешкен каржылоо демилгесине катышууну чечет. Кыргызстанда анын жубайы Жасмина окууларга активдүү катышып, жаңы билим жана көндүмдөргө ээ болду. Жубайлар биргелешип бизнес-идеялар сынагына катышып, кофекана ачуу идеясын ийгиликтүү коргоп, грант утуп алышты. Кызыктуу факт: кофекананын ачылышы алардын уулу төрөлгөн учурга туш келди. Алар уулуна Барсбек деп ат коюп, бизнесин да «Барс» деп аташты. Бүгүнкү күндө «Барс» кофеканасы Баткендеги популярдуу жолугушуу жайына айланып, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү да колдоп келет. Бул окуя – билим, аракет жана үй-бүлөлүк биримдик аркылуу ийгиликке жетсе болорун далилдейт!