“Санарип чек ара” аттуу мобилдик тиркеме (кыска версия)

“Санарип чек ара” аттуу мобилдик тиркеме (кыска версия)

Күн сайын адамдар туугандарына баруу, башка өлкөдө окуу же иштөө үчүн, ошондой эле жеке, ишкердик жана туристтик сапарлар менен мамлекеттик чек арадан өтүшөт. Сапар алдында актуалдуу жана ишенимдүү маалымат алуу үчүн «Санарип чек ара» мобилдик тиркемеси түзүлгөн. Телефонуңуздун экранынан өткөрмө пункттарынын абалын, иштөө режимин, талап кылынган документтердин тизмесин жана чыгууга мүмкүн болгон чектөөлөрдү текшериңиз. «Санарип чек ара» — бул сиздин телефонуңуздагы ыңгайлуу кирүү жана чыгуу үчүн кызмат. Тиркеме БУУ БКБ, БУУӨП жана ЭӨУ биргелешкен долбоорунун алкагында, БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылоосу менен иштелип чыккан