Saferworld Saferworld 235d ago
Өзүн-өзү көзөмөлдөө психологиясы – Малаке Кадыралиев менен

Өзүн-өзү көзөмөлдөө психологиясы – Малаке Кадыралиев менен

1-бөлүм: “Өзүн-өзү көзөмөлдөө психологиясы" подкастында биз юнгиан психолог, психология илимдеринин кандидаты (PhD) Малаке Кадыралиев менен бирге жашоодогу тартиптин маанисин, өзүн тарбиялоонун эффективдүү жолдорун жана алаксыткан факторлорду кантип жеңүү керектигин терең талкуулайбыз. Өзүн-өзү көзөмөлдөө деген эмне жана эмне үчүн ал жаштар үчүн ушунчалык маанилүү? Кантип алаксыткан нерселерди жеңип, көңүлдү топтоп, максатка жетүүгө болот? Кайсы адаттар чындап эле тартиптүү жана өзүнө ишенген адам болууга жардам берет? Бул чыгарылышта психолог Малаке Кадыралиев менен бирге: өзүн-өзү көзөмөлдөөнүн жөнөкөй ыкмаларын, жаштардын жолундагы негизги тоскоолдуктарды, үй-бүлөнүн жана мектептин ролун талкуулайбыз. Өзүн-өзү башкаруу жашооңузду кандайча өзгөртөрүн түшүнүп, аны күнүмдүк турмушта натыйжалуу колдонуунун жолдорун издеп жатасызбы? Анда бул подкаст дал сиз үчүн!